www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги “Мадина” кафесинин ээси Хуфур Абдурехманды өлтүргөнгө шектелгендер СИЗОго киргизилди. Бул тууралуу укук коргоо органдары кабарлашты. 

Маалыматка караганда, мындай чечимди Бишкектин Свердлов райондук соту кабыл алган.

Белгилүү болгондой, ишкерди өлтүрдү деп шектелген 4 жаран (арасында мурунку милиция кызматкерлери да бар) СИЗОго киргизилген, ал эми бул кылмышка жалпысынан 8 киши шектелип жатат.

Эске салсак, дээрлик 15 күн дайынсыз болуп, туугандары жана милиция тарабынан изделип жаткан Бишкектеги “Мадина” кафесинин ээси, 38 жаштагы ишкер Хуфур Абдурахемандын сөөгү Нарын облусунун Кочкор районунан табылган.

Бишкек ШИИББи берген маалыматка ылайык, Свердлов РИИБинин кызматкерлери спецназ менен биргеликте кылмышка шектүүлөрдүн изине түшкөн. 18-октябрда Бишкектин аймагынан кылмышка шектелип, Нарын облусунда 1964-жылы туулган К.Э., Бишкек шаарында 1990-жылы туулган Ш.У., Ысык-Көл облусунда 1990-жылы туулган Б.К. жана Казакстанда 1986-жылы туулган Д.В. деген жарандар кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бул кармалгандардын экөөсү мурунку милиционерлер, тактап айтканда, 55 жаштагы кылмыштын уюштуруучусу Бишкек ШИИББинде иштеп жүрүп, 2016-жылы акча талап кылуу боюнча жоопко тартылган. Дагы бир кылмышка шектүү 2010-жылдан 2014-жылга чейин МАИде иштеген.

Ошондой эле, Сосновка көзөмөл пунктунан маркумга тиешелүү BMW Х5 токтотулуп, кармалган. Кылмышка шектүүлөр аны кара түскө боеп, сатууга аракет кылышкан. Маркумга тиешелүү унааны сатууга жана сатып алууга шектелип дагы 4 киши кармалган. Алардын бирөөсү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости