www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасы укуктук мамлекет деп жарыяланган. Укуктук мамлекет -деп социалдык, саясий, идеологиялык, диний ж.б. ынанымдарына жана абалына карабастан бардык адамдар мыйзам алдында бирдей болгон мамлекетти айтабыз.
Укуктук мамлекет сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө болушу үчүн биз мыйзамды сыйлап ага баш ийишибиз керек.
Кой-Таш айылындагы кечээги окуянын хроникасы көрсөткөндөй, тынч мезгилде адамдар жабыр тартты, тилекке каршы бир аскер адамы курман болду. Курман болгон аскер кызматкеринин үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтам. Жабыркагандар тезирээк айыгып кетишин каалайм.
Мен, өлкөнүн Акыйкатчысы катары укук айдыңынан чыкпоого чакырам. Мурунку Президент А. Ш. Атамбаевге кайрылам, эгерде Сиз укук коргоо органдарына ишенбей, ИИМ ичинен күбө катары көрсөтмө бергиңиз келбей жаткан болсо, көрсөтмө берүү үчүн Акыйкатчы институтунун аянтчасы менен камсыз кылып, Сиздин коопсуздугуңузду камсыздалышына кепилдик берүүгө даярмын.
Урматтуу, Алмазбек Шаршенович, сиз Кыргыз Республикасынын Күч органдарынын башкы кол кол башчысы болгонсуз. УКМКнын жетекчилеринин буйругун аткарган кызматкерлерин кармап турууга жол берилбеши керек.
Мен мамлекеттин мыйзамдарын сактоого баарын чакырам. Тынч күндөрдө эч ким жапа тартпашы жана курман болбошу керек. Кыргызстан олуттуу кооптуулуктун алдында турат.
Республиканы жана элди бөлүүгө жана абалдын андан ары чыңалышына жол бербөө керек.
Бирдиктүү Кыргызстандагы туруктуулук жана тынчтык – бардык кыргызстандыктар үчүн эң башкы баалуулук!
Эки күндөн кийин бардык мусулмандар үчүн адамдарды боорукерликке, адамкерчиликке, мээримдүүлүккө үндөгөн – Курман айт болгону турат. Бул үй-бүлөнү, улутту, коомду жалпысынан баарыбызды бириктире турган майрам.
Андыктан, мамлекеттин кызыкчылыгы жеке кызыкчылыктан жогору турушу абзел!