www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровго 80ден ашуун Кыргызстандын белгилүү ишмерлери жана илимпоздору Кайрылуу жасады...

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Жаңы 2021-жыл жалпы кыргызстандыктардын жүрөгүндө, акыры, өлкөдө тартип, мыйзамдуулук орнойт деген үмүттү жараткан өзгөчө жыл болуп калды. Албетте, бул чоң Үмүт (биз бул сөздү атайылап чоң тамга менен жазабыз) сиздин атыңызга байланыштуу. Мындан ары мыйзам алдында жогорку кызматтагы адам болобу же катардагы адамбы, бардыгы мыйзам алдында бирдей болот деген чечкиндүү сөзүңүзгө байланыштуу. 

Биз бул принципиалдуу позицияны толугу менен колдойбуз жана аны  тез арада ишке ашыруу мүмкүн эместигин, барынын - мамлекет башчысынын, мамлекеттик органдардын жана өлкөнүн жарандарынын макулдашылган аракеттери керектигин түшүнөбүз. Күчтөрдүн биргелешкен колдонуусу менен гана биз жашообузда мыйзамдуулукту жана тартипти орното алабыз. Белгилүү болгондой, бул күрөштө чечүүчү ролду сот бийлиги жана укук коргоо органдары ойношот, мыйзамды жарандар тарабынан гана аткарбастан, өзүлөрү дагы укуктук ченемдерди так сактоого милдеттүү.

Соттор жана укук коргоо органдары мыйзамды сактоонун үлгүсүн өздөрү көрсөтүшү керек. Тилеке каршы, мыйзамдын жоболорун эркин чечмелөө жеке ыкмалар, бир жактуулук же жогорку органдарга алардын "бороон-чапкын" иш-аракеттерин көрсөтүүнү каалоо же укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан укуктук ченемдерди түздөн-түз четке кагуу өнөкөткө айланды. Бул системанын оорусу  жана мамлекетибиз, коомубуз  үчүн олуттуу көйгөй.

Сиз алар жөнүндө өз тажрыйбаңыздан жакшы билесиз. Биздин оюбузча, соттор жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери ушул күнгө чейин дал ошол кабыл алынгыс координаттардын чегинде иш алып барышат. Бул зыяндуу иштөө ыкмаларынан чечкиндүү арылуу, өз ишинде мыйзамдуулукту так сактоо талаптарын толугу менен кабыл алынбай, адилеттүүлүк жана объективдүүлүк принцибин укуктук практикада туруктуулук менен  туура жолдо ишке ашыра албай келишет.

Биздин укук коргоо органдарынын кайра түзүлбөгөндүгүн Жогорку Кеңештин депутаты, академик Кубанычбек Жумалиевдин камакка алынышы даана далилдеп турат. Кеп анын депутат жана илимпоз экендигинде эмес. Болгону, бул иш резонанс жаратып, биздин мамлекетте гана эмес, чет өлкөлөрдө да коомчулуктун көңүлүн бурду (бир нече белгилүү орусиялык окумуштуулар эл алдында аны колдошту). Мунун бардыгы бир коомдук активисттин К.Жумалиевди эч кандай далилсиз, мыйзамсыз иштерге айыптап, аны каралоо үчүн ызы-чуу өнөктүгүн жарыялагандан башталды. Андан кийин, ал активист укук коргоо органдарынын биринин башчысы болуп, чөйрөдөгү кырдаалды курчутууну улантып, аны сөзсүз түрдө "түрмөгө камай тургандыгын" ачык айтты, "күнөөсүздүк презумпцияга", эң маанилүү конституциялык принципке шек келтирип жатканын ойлоп да койгон жок. 

Кыязы, бул агрессивдүү маалыматтык чабуул кандайдыр бир ролду ойногон шекилдүү.  

2021-жылдын 4-февралында К.Жумалиев кармалып, Биринчи май соту аны УКМКнын СИЗОсунда камакта калтыруу чечимин чыгарган. Ага “Билим берүү министрлигинен билим берүү лицензиясын мыйзамсыз алуу үчүн кысым көрсөткөн” деген айып тагышкан. Кадыр-барктуу адвокаттардын пикири боюнча, ага коюлган айып анчалык оор эмес жана камака ала коюшкан айыпталуучу анчалык коркунучтуу эмес. Баардык процесстик иш-аракеттерди жүргүзүү К.Жумалиевди эркиндигинен ажыратпаса деле толук мыйзамдуу болмок.

Ушуга байланыштуу, сизден тиешелүү органдарга объективдүү иликтөө жүргүзүп, анын ден-соолугунун абалын эске алып, К.Жумалиевди үй камагына чыгаруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну суранабыз, бул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына эч каршы келбейт.

Жумагулов А.Ж., КР премьер-министри (1993-1999); Матубраимов А.М., КР ЖК төрагасы (1995-1997); Чынгышев Т.Ч., КР премьер-министри (1991-1992); Эркебаев А., КР ЖК төрагасы (1997-2000); Кадырбеков И.Д., КР ЖК төрагасы (2005);  Кулов Ф.Ш., КР премьер-министри (2005-2007); Муралиев А.М., КР премьер-министри (1998-2000); Келдибеков А.К., КР ЖК төрагасы (2010-2011); Сариев Т.А., КР премьер-министри (2015-2016); Исабеков А.Б., КР премьер-министри (2007); Сартбаева К., СССР эл артисти; Жалгасынова Д., КР эл артисти; Токтакунова С., КР эл артисти; Жакшылыков А., КР эл жазуучусу; Рыскулов А., КР эл акыны; Мамашева Г., КР эл артисти; Турсункулов А., КР эл сүрөтчүсү; Бөдөшев А., КР эл артисти; Кененсариев Т., КР эмгек сиңирген ишмери; Эралиева К., КР эл артисти; Асанов У., академик; Мамытов М., академик; Кудаяров Д., академик; Мурзубраимов Б., академик; Токтомушев С., академик; Айдаралиев А., академик; Бөрүбаев А., академик; Жоробекова Ш., академик; Тогусаков О., КР ИА мүчө-корреспонденти; Осмонов О., КР ИА мүчө-корреспонденти; Асанканов А. КР ИА мүчө-корреспонденти; Биримкулов У., КР ИА мүчө-корреспонденти; Касиев Н., КР ЖК экс-депутаты; Осмонов К., КР ЖК экс-депутаты; Калматов Т., КР ЖК экс-депутаты; Нур уулу Д., КР ЖК экс-депутаты; Медетбеков Ш., КР ЖК экс-депутаты; Жумабеков Б., КР ЖК экс-депутаты; Токтоболотов М., КР ЖК экс-депутаты; Муратов Т.,  КР ЖК экс-депутаты; Баяс Т., жазуучу; Жанузаков Б., генерал; Ибраимов О., КР экс-мамсекретары; Бекболотов Ж., КР эмгек сиңирген курулушчусу; Сагынбаев Л., КР эмгек сиңирген кызматкери; Токтоматов Н., КР эмгек сиңирген кызматкери; Талгарбеков Б., КР эмгек сиңирген кызматкери; Аалиев Г., КР эмгек сиңирген кызматкери; Сартказиев Б., КР эмгек сиңирген кызматкери; Мамыров Р., КР эмгек сиңирген кызматкери; Мамбетов Т., КР эмгек сиңирген кызматкери; Узакбаев Э., КР эмгек сиңирген кызматкери; Абылов М., КР эмгек сиңирген кызматкери; Кулбаев А., КР эмгек сиңирген кызматкери; Болотбеков Б., КР эмгек сиңирген кызматкери; Озокеев Э., КР эмгек сиңирген кызматкери; Кайыков О., КР эмгек сиңирген кызматкери; Абдукапаров Ч., КР эмгек сиңирген кызматкери; Бактыгулов К., КР эмгек сиңирген кызматкери; Чырмашев С., КР эмгек сиңирген кызматкери; Искаков А., КР эмгек сиңирген кызматкери; Турганбаев Н., КР эмгек сиңирген кызматкери; Жоробеков Ж., профессор; Садиев К., экс-министр; Шакиев Н., экс-министр; Абдурашитов А., илим доктору; Алымкулов С., илим доктору.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости