Кыргыз Республикасынын жаңы Улуттук коопсуздук концепциясы иштелип чыкты
Коом  |   |  660

Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү көйгөйлөрдү чечүү үчүн комплекстүү мамиле кылууну колдонуу керек, деп белгиледи бүгүн, 26-ноябрда президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынында.

Жыйында Кыргыз Республикасынын жаңы Улуттук коопсуздук концепциясынын долбоору каралды.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчысы төмөнкүлөрдү белгиледи.

«Кыргыз Республикасынын президенти кызматына киришкен учурдан тартып мен тараптан көптөгөн тапшырмалар берилген, алар биринчи кезекте мамлекетте орун алган көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган.

Кыргыз Республикасынын жаңы Улуттук коопсуздук концепциясынын долбоорун иштеп чыгуу мындай тапшырмалардын бири болгон.

Кыргыз Республикасы төрт мамлекет менен чектешет.

Жети облустун ар бири чек аралык аймак болуп саналат, 40 административдик райондун 8 району гана коңшу мамлекеттер менен чектешпейт.

Кыргызстандын чектеринин алкагы жана анын кеңири курчоосу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун абалына тике же кыйыр түрдө таасир тийгизүүчү ар кандай процесстер жүрүп турат.

Мамлекеттер аралык мамилелер жана региондор аралык байланыштардын мурда түзүлгөн системасына коронавирустун пандемиясы олуттуу таасир тийгизди, ал болуп көрбөгөндөй адамзаттык жана экономикалык жоготууларга алып келди.

Өлкөнүн экономикасы карантинди киргизүү, өндүрүштүн көлөмүнүн кыскарышы, жүк ташуулардын чектелиши жана суроо-талаптын кыскарышы менен шартталган төмөндөөлөргө туш болду.

Пандемия мезгилинде соодалык чектөөлөр кыйла күч алды.

Белгилүү бир мезгил аралыгында көпчүлүк өлкөлөр ички азык-түлүк рынокторуна колдоо көрсөтүү үчүн тамак-аш продуктуларынын жана медициналык товарлардын экспортуна тыюу салууну кошо алганда, коммерциялык ишмердиктин жаңы шарттарын киргизишти.

Анын аркасында болгон чектөө чараларынын жалпы бошоңдошуна карабастан, айрым соода чектөөлөрүнүн колдонулушу улантылып жатат.

Бүтүндөй алганда, пандемиянын адамзатка тийгизген таасиринин масштабдарына дале болсо баа бериле элек.

Пандемия адамдын жашоо турмушунун жана мамлекеттик түзүлүштүн бардык чөйрөлөрүнө өзүнүн түзөтүүлөрүн киргизди.

Жаңы реалдуулукта мамлекеттердин экономикалык кызыкчылыктары жүргүзүлүп жаткан саясаттын жогорку артыкчылыктарынын бири болуп калды.

Болуп жаткан кыйынчылыктарга карабастан, Кыргыз Республикасы өзүнүн өнүгүүсүн, элдин жашоо жыргалчылыгын жакшыртуунун жана мамлекеттүүлүктү бекемдөөнүн жаңы жолдорун издөөнү улантууда.

Мамлекет үчүн дүйнөлүк процесстерде өзүнүн потенциалынан жана ролунан улам эл аралык иштерде жекече багыт алуу жана улуттук кызыкчылыктарды сактоо башкы жол болуп саналат.

Ошол эле учурда, Кыргыз Республикасы кызматташтыктын бардык форматтарында мурда жетишилген бардык макулдашууларын жана милдеттенмелерин мурдагысындай эле карманат жана сактайт.

Кыргызстан бардык глобалдык жана региондук көйгөйлөрдү чечүүдө Бириккен улуттар уюмунун жана анын Коопсуздук кеңешинин алдынкы ролун сактоону мурдагыдай эле иреттүү колдоп келет.

Кыргыз Республикасынын Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунда, Шанхай кызматташтык уюмунда, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинде, Евразиялык экономикалык бирликте мүчөлүгү улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жаатында артыкчылыктуу болуп саналат.

Эгемендикти, аймактык бүтүндүктү жана жалпы коопсуздукту сыйлоо принциптеринде достукта болууну жана меймандостукту бекемдөө Кыргызстандын тышкы саясий ишмердигинде негизги мааниге ээ.

Ички саясат маселелерине токтолуу менен азыркы учурда Кыргызстандын коомчулугу тез биригип жаткандыгын белгилеп кетсем.

Көрүлгөн чаралар менен мамлекеттик башкаруунун жаңы структурасы түзүлдү.

Чакырыктарды жана коркунучтарды алдын алуу жана жок кылуу, эгемендүүлүктү, улуттук кызыкчлыкытарды, аймакты жана элди коргоонун механизмдери иштеп жатат.

Мамлекеттик жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча бардык күч-аракеттер көрүлүүдө.

Мамлекет үчүн террористтик жана экстремисттик коркунучтардын деңгээлин төмөндөтүү боюнча активдүү иш жүргүзүлүп жатат.

Коомдук мамилелер, маданият, улуттар аралык ынтымак чөйрөсүндө биз иреттүү саясатты баштадык жана улантып жатабыз.

Улутуна, диний тутумуна жана социалдык тобуна карабастан, республиканын бардык жарандарына салттуу руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарды коргоо, өзүнүн жеке маданиятын жана өзүнчөлүгүн сактоо көйгөйлөрүн чечүү үчүн көп күч-аракет жумшалып жатат.

Ошону менен бирге, 2005, 2010 жана 2020-жылдары болуп өткөн окуялар улуттук коопсуздукту камсыз кылуу системасынын айрым элементтеринин тышкы бузукулук таасир тийгизүүгө аялуу экендигин көрсөтүп турат.

Окшоштуктун чектерин бузуу боюнча терс тенденциялар улам өсүүдө, бизге жат болгон баалуулуктар жана тартиптер таралууда.

Кыргызстандын экономикасы региондун эң ачык экономикасы болуп саналат.

Бирок, анын импорттон, алтынды өндүрүүдөн, мигранттардын акча которууларынан, транзиттик соодадан жана тышкы жардамдан көз карандылыгы дагы улуттук коопсуздукту коркунуч алдына коет.

Жогоруда белгиленген жана көптөгөн башка коркунучтар жыл сайын, ай сайын жана күн сайын бизге өзүнүн чакырыктарын таштайт.

Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө көйгөйлөрдү чечүү үчүн комплекстүү мамиле кылууну колдонуу керек.

Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик саясатты иреттүү, туура жана тактап ишке ашыруу ички туруктуулукту бекемдейт, коомдук коопсуздукту жогорулатат жана өлкөнүн экономикалык, саясий, аскердик жана адеп-ахлактык-руханий потенциалын бир нече эсе күчтөндүрүүгө мүмкүндүк берет.

Бул болсо, Кыргыз Республикасына бүтүндөй Борбордук Азия регионун өнүктүрүү саясатын аныктоодо алдыңкы ролдун бирин ээлегенге мүмкүндүк берет.

Ошол эле учурда илимдин жогорку деңгээлин камсыз кылуу, инновациялык технологияларды колдонууга киргизүү, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана маданият системасын өнүктүрүү биздин мекендештерибизге жана мамлекетке бүтүндөй дүйнө жүзүндө өзүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Борбордук Азия регионунда аталган жааттарды алдыңкы позицияларга чыгуу өнүгүүнүн улуттук максаттарына жетишүүгө мүмкүндүк берет, башка мамлекеттердин биз менен кызматташтыктын жагымдуулугу жана эл аралык абройду жогорулатуу үчүн шарттарды түзөт.

Кыргызстан өзүнүн саясатын ынак коңшулук принциптеринде түзүп жаткан достук мамиледеги өлкө болуп саналат, ошол эле учурда өзүнүн коргонуу жөндөмдүүлүгү деңгээлин жогорулатуу жөнүндө унутпашы керек.

Тиешелүү илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана мамлекеттик ар тараптуу колдоо көрсөтүү менен натыйжалуу, туруктуу жана дайыма өнүгүп жаткан материалдык-техникалык инфраструктурага, заманбап илимий-техникалык жетишкендиктерге жана маалыматтык технологияларга таянуу менен өлкөнүн коргонуусун өнүктүрүүнү ишке ашыруу маанилүү.

Бүтүндөй алганда, кыргыз мамлекеттүүлүгүн коргоо, элдин улуттук бирдейлигин сактоо, Кыргызстандын андан ары туруктуу, ар тараптуу жана улам өнүгүүсү, ошондой эле региондо коопсуздукту жана туруктуулукту тийиштүү деңгээлде колдоп туруу үчүн улуттук коопсуздукту камсыз кылуу маанилүү процесс болуп саналат.

Дал ошондуктан Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук концепциясын иштеп чыгуунун жүрүшү менин жеке контролумда болгон, аны бүгүн бизге Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы баяндап берет.

Урматтуу Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү!

Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу комплекстүү түрдө жүргүзүлүшү керектигин мен жөн жерден баса белгилеген жокмун.

Практика көрсөтүп тургандай, ушундай ыкма менен гана мамлекеттин улуттук коопсуздугун чындап натыйжалуу камсыз кылууга болот.

Бул максаттарда менин тапшырмама ылайык, көз карандысыз эксперттер жана мамлекеттик органдардын адистери менен биргеликте Коопсуздук кеңешинин катчылыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын жаңы Улуттук коопсуздук концепциясынын долбоору иштелип чыккан».

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями