www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - “Ынтымак” партиясынын кайрылуусу

Урматтуу кыргызстандыктар!

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча үгүт кампаниясы жыйынтыкталып жатат. Өнөктүк ачык, атаандаштык шартында өттү. Кыргызстан кимге добуш бергенин жакынкы күндө билебиз.

Үгүт айында “Ынтымак” партиясынын талапкерлери бүткүл өлкө аймагында шайлоочулар менен көптөгөн жолугушууларды өткөрдү. Ар бир аймакта биз сиздердин колдооңуздарды сезип жаттык.

Биз бардык тарапташтарыбызга чын жүрөктөн ыраазылыгыбызды билдиребиз.Шайлоо бюллетенинде №8 “Ынтымак” партиясына добуш бере турган ар бир жаранга рахмат! Сиздердин ишенимиңиздер биз үчүн баа жеткис. Биз аны аванс катары кабыл алабыз жана өз тандооңуздарга эч качан өкүнбөй турган деңгээлде иштейбиз деп убадалайбыз.

Кымбаттуу шайлоочулар!

Тандоо жасай элек жарандарга кайрылабыз. Добушуңуздарды кесипкөйлүк, акылмандык жана жаштык, билим жана чынчылдык үчүн, ынтымак жана биримдик үчүн бериңиздер! Бир сөз менен айтканда, шайлоо бюллетениндеги №8 “Ынтымак” партиясы үчүн добуш бериңиздер!

Биздин идеологиябыз жөпжөнөкөй – ынтымактуу жана тилектеш коом, адилеттүү мамлекет, ар бир жараны тууралуу ойлонгон бийлик.

Достор!

Чогуу басып өткөн ушул жол үчүн ар бир кыргызстандыкка дагы бир жолу ыраазылык билдиребиз. Ар бириңиздерге ден соолук, амандык тилейбиз! Сүйүктүү өлкөбүздө тынчтык болсун!

Сиздин командаңыз “Ынтымак”

Последние новости