www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чечмедеги жаңжалда кыргызстандыктар курал колдонгон эмес. Мындай маалыматты Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова жергиликтүү булакка билдирди. Анын айтуусунда, 31-майда кыргыз-өзбек чек арасындагы булак талаштан чыккан жаңжалда кыргызстандыктар тарабынан бир да курал колдонулган эмес.

Өзбекстандын Сох районунун акимчилиги Чечмедеги жаңжалда 187 жаран түрдүү жаракат менен райондук ооруканага кайрылганын, 15 адам оор абалда тик учак менен борбордук ооруканага жеткирилгенин “Озодлик” радиосуна кабарлаган. Райондук оорукананын өкүлдөрү жаңжалда жарадар болгондордун ичинен 13 адам ок жегенин “Озодликке” маалымдашкан. “Азаттыктын” өзбек кызматы Фергана облустук администрациясынын өкүлү Мухаммеджон Обидов 2-июнда 3 адам сайы жок мылтыктан атылган бытырадан жабыркаганын айтканын жазды.

Жаңжалда кыргызстандык 25 жаран түрдүү жаракат алганын, экөөнүн абалы оор экенин Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги маалымдаган.

31-майда Кадамжайдын Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын ортосунда булак талаштан катуу чатак чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости