www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Даниэл Ажиевдин өмүрүнө коркунуч жаралып жатат. Анткени СИЗО-1 мекемесиндеги атайын контингент аны жалпы камерага которууну талап кылууда. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор билдирди.

Аталган борбордун кызматкерлери бүгүн, 4-июнда Ажиев менен жолугушуп келишкен.

«Сүйлөшүү учурунда чындыгында өмүрү жана коопсуздугу үчүн чочулап жатканын айтты. Учурда ал арызынын негизинде бир орундуу камерада камакта», - деп айтылат укук коргоо уюмунун маалыматында.

Маалыматта белгиленгендей, муну менен катар эле бүгүн Бишкек шаардык соту жактоочулардын апелляциялык даттануусун карашкан. Ажиев судьяларга жогорудагыларды айтып берген. Бирок судьялар муну эске алган эмес.

«Буга байланыштуу Ажиев Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборго кайрылып, прокуратура органдарына анын өмүрүнө кол салынса, суицидге бара турганын эскертти. Ажиевдин арызы прокуратурага жөнөтүлөт. Ошондой эле Ажиевдин позициясы СИЗО-1 мекемесинин башчысы К.Калмаматовго маалымдалды», - деп айтылат маалыматта.

Бишкек шаарынын тургуну — 1990-жылы туулган Даниэл Ажиев Жазык кодексинин 313-беренесинде (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу) көрсөтүлгөн кылмышты жасоого шектелип кармалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости