www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-казак чек арасындагы абал союздаш мамлекеттердин келишимдерине карама-каршы келет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эркин Асрандиев «Актилек автожол» көзөмөл-өткөрүү жайында өткөн көчмө жыйында билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөзү жазып чыкты.

«Казакстан менен чектешкен чек арада көптөн бери кыйынчылыктар болуп келүүдө. Абал былтыртан бери начарлап кетти. 300-400 унаа көп күндөн бери кезек күтүп турат. Мен жеке өзүм айдоочуларды Казакстандын чек арасынан Кыргызстанга өткөрүү тартибин көрдүм. Ал паспорттук көзөмөлдөн, андан аркы көзөмөлдөө үчүн медицина кызматкерлеринин анкеталык маалыматтарын топтоодон, вирустун бар-жогуна анализ тапшыруудан турат. Андан соң жүк ташуучу Кыргызстандын аймагында тесттин жыйынтыгын күтөт. Өлкөгө кирүү тартиби дагы татаал эмес. Ал эми казак тараптан бардыгы жай жүргүзүлүүдө», - деди вице-премьер-министр.

Эркин Асрандиев белгилегендей, Кыргыз Республикасынын бийлиги ЕАЭБ аянтында тоскоолдуктарды четтетүү үчүн иштерди жүргүзүп жатат.

«Тилекке каршы, союздун ички чек арасында жагдай кыйын. Тышкы чек арага караганда бир кыйла татаал. Биз өткөн жылдан бери ЕАЭБ регламентинин алкагында Коллегияга кайрылып жатабыз, анткени кырдаалды тоскоолдук катары баалайбыз. Жана бул биздин ички союздук макулдашууларга каршы келет. Жакын арада маселе чечилет деп ишенебиз», - деп жыйынтыктады Эркин Асрандиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости