www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Радиожыштыктар боюнча мамлекетке зыян келтирген мыйзамсыз фактылары ашкереленери менен бул ишке күч түзүмдөрүндөгү кызматкерлердин кызыкчылыгы байкалып, мындан улам Башкы прокуратура ишти Аскер прокуратурасына өткөрүп берген. Бул тууралуу аталган көзөмөл органдын маалымат кызматы билдирди.

Башкы прокуратуранын өндүрүшүнө өткөрүлгөн ишти кароо үчүн УКМК, ИИМ жана Аскер прокуратурасынын кызматкерлеринен турган ведомство аралык ыкчам-тергөө тобу түзүлгөн.

"Аталган иш мамлекеттин маанилүү делген тармагына тиешелүү болгондуктан, бул боюнча маалыматты ачыктап коюу мамлекет менен коомчулукка пайдалуу болбойт. "Мамлекеттик сырлар жөнүндөгү мыйзамга" ылайык, ал жашыруун сырды камтыган материал деп бекитилди. Азыр бир катар адамдардын бул иш боюнча кылмыш жасады деп шектелгени расмий маалымдалды. Мамлекеттик кызматкерлердин жана башкалардын бул кылмышка канчалык тиешеси бар экендигин аныктоо үчүн толук, ар тараптуу жана объективдүү тергөө жүрүп жатат", — деп айтылган маалыматта.

Сүйлөшүп алган жетекчилердин тобу радиожыштыктарды колдонуучу технологияларга ээ болуп жана лицензияларды кайра каттатууда жеке компаниялардын кызыкчылыктарын улам коргоп, жылдырып отурган. Мунун эсебинен мамлекет зыян тарткан. Бул Кылмыш кодексинин 319-беренесине ("Коррупция") туура келди.

Эске сала кетсек, 20-май күнү парламенттин жыйынында депутат Жанар Акаев эки радиожыштык арзан сатылып кеткенин айтып чыгып, бул өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин уруксаты менен гана жасалышы мүмкүн экенин билдирген. Анын айтымында, өлкө казынасы мындан 5 миллиард сомдук зыян тарткан. Премьер-министр жооп кайтарып, кыска мөөнөттүү эмгек өргүүгө кеткен.

Буга чейин Башкы прокуратура коррупцияга шектелип Байланыш агенттигинин беш кызматкери кармалганын маалымдаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости