www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбор калаадагы соода борборлорунун биринин дааратканасында зордукталган кыздын апасы Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулун жумуштан алынышын талап кылууда. Эмне себептен экенин ал 5-июнда журналисттерге түшүндүргөн.

Анын айтымында , сот күнөөлүүнү актаган. Ал эми Бишкек шаардык сот дагы аны күнөөсүз деп тапкан.

“22-июнда Жогорку сотто жыйын өтөт. Биз калыс чечимди талап кылабыз. Кылмышкер мыйзам чегинде катуу жазаланышы керек. Ал зордук көрсөткөн учурда, кызым 13 жашта болчу. Ал кызыма лагерде башчынын жардамчысы болуп иштеп жүргөндө эле ыдык көрсөтө баштаган. Кийинчерээк Бишкектен чырдаша кеткен. Бул 2016-жылы болчу. Мен кызыма эмне болгонун 2 жылдан кийин гана билдим. 2018-жылы гана факт боюнча иш козголду. Ал эми сот Айбек Эрнис уулу териштирип жана калыс чечим чыгаруунун ордуна , зордукчуну эркиндикке кое берди. А мен кандайдыр бир айып пул төлөшүм керек экен . Бул жөн гана мыйзамсыздык. Бизди эч ким укпай жатат. Кызым психикалык жактан жаракат алды”- дейт жабырлануучунун апасы.

Ал эми 4-юндагы парламенттик жыйында “Ата Мекен” партиясынын лидери Айсулуу Мамашова бул суроону көтөрүп чыкты. Ошондой эле ал жашы жете элек кызды зордуктоого шектелген адамды эркиндикке чыгарган Айбек Эрнис уулунун кызматтан алынуусун талап кылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости