www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мечитке жана намазканаларга барган жарандарга бир катар эрежелер киргизилди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.

Ага ылайык, аталган жайларга келген элдин санитардык эрежелерди сактоосу шарт.

  • бет кап тагынып, кире бериштен дене табын өлчөтүүсү керек;
  • мечитте адамдардын ортосунда 1,5 метрлик аралыкты сакталышы шарт. Кол алышып, кучакташып көрүшүүгө тыюу салынат, даарат алуучу жайларда аралыкты жана санитардык талаптарды сактоо абзел;
  • жаш балдар, жашы өтүп калган кары-картаңдар жана ооругандар, дене табы көтөрүлүп жаткан жарандардын мечитке келбей туруусу кажет.

Республикада бардык мечиттерде даярдык жана түшүндүрүү иштери имамдарга жүктөлдү.

Муфтият тарабынан көрсөтүлгөн сунуштарда дааратты үйдөн алуу менен сүннөт намаздарды үйдөн окуп, мечитке келген жарандар көп убакытка кармалбай, 15-20 мүнөттүн аралыгында чыгып кетиши керектиги айтылат.

Муну менен катар жамаат намаздары ачык абада мечиттин короосунда өткөрүлүп, ар бир адам мечитке келгенде жайнамазын ала келүүсү сунушталат.

Эске сала кетсек, буга чейин мечиттерге чектөөлөр алынгандыгына байланыштуу 8-июнунан баштап мечиттер, намазканалар, чиркөөлөр санитардык сактык чараларын толук сактоо менен бирге ишке кирери айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости