www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында унаа уурдап, качып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 3-июнь күнү 1990-жылы туулган, Ош шаарынын тургуну М.Ч. аттуу жаран кармалды. Ал унааны укукка жат түрдө ээлеп алып, изин жашырганга шектелүүдө.

Ош шаарынын А.Масалиев кең көчөсүнүн тургуну өзүнүн Тойота-Раум үлгүсүндөгү автомашинасынын ушул жылдын 6-мартынан 7-мартына караган түнү белгисиз жарандар өз үйүнүн алдынан уурдап, айдап кеткендиги тууралуу арыз менен кайрылган. Иликтөө издөө иштеринин натыйжасында бул кылмышка шектүү катары жогорудагы жаран кармалды. Учурда шектүү жарандын үстүнөн сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Унаа Ош шаарынын аймагындагы автоунаа коюучу жайлардын биринен табылып, ээсине кайтарылып берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости