www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда бир караан жүрөт, ал парламенттик шайлоонун карааны. Буга чейин шайлоо алдында партиялар эл аралап өз үгүт иштерин көпчүлүк менен жүргүзө алчу. Азыркы шартта коронавируска каршы күрөш жүрүп жатканда эл аралап үгүт иштерин жүргүзүү бул дарттын көбөйүшүнө алып келиши мүмкүн. Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев парламенттик шайлоону жылдыруу керектигин же болбосо үгүт иштерин башка форматка өткөрүү керектигин айтты. Бул тууралуу маегинде дагы бир Дастан спикер Жумабеков да кайрылган Парламенттик шайлоону жылдыруу туура эмес, анткени бул илдет аздан болсо да басандап жатат. Талапкерлер эл кыдырып үгүт иштерин жүргүзүү да туура эмес. Анткени, оорулардын жайылышына алып келет. Ошондуктан, үгүт иштерин алыс аралыктан онлайн тибинде өткөрө берсе болот. Карантин алдында бул татаал маселе болгон, бирок бүтүндөй окуу тармагы алыс аралыктан онлайн тибинде өтүп, эл мындай иштерге көнүп калды. Бир гана суроо туулат, интернеттерге ким жардам берет, албетте үгүт жүргүзүп жаткан партиялар.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости