www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-тажик чек арасы: Ак-Сай — Ворух жолу жабылды

Бүгүн, 29-апрелде Баткен районунун Ак-Сай айылынын Төрт-Көчө аймагындагы каттамга тажик тарап тоскоолдук кылып, эч кимди өткөрбөй жатат. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдирди.

Маалым болгондой, тажик тараптын мындай аракети үчүн кыргыз тарап саат 13:00 чамасында Ак-Сай — Ворух жолун тосту. Бул жол — Тажикстан менен алардын Ворух анклавын байланыштырып турган жалгыз жол.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн басма сөз кызматына кайрылганыбызда, учурда жолду ачуу боюнча аракеттер көрүлүп жатканын маалымдады.

Эске салсак, 28-апрель күнү күндүз Баткен районунда кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыккан. Чыр-чатак тажик тарап Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагынан шагыл жүктөп, мамыларга видеокөзөмөл орнотууга киришкенден кийин башталган.

Ошондон кийин аталган аймакка эки тараптан 100-150дөй киши чогулуп, бири-бирин ташка алган. Кечке маал абал салыштырмалуу турукташып, бирок таңга жуук кайрадан курчуган.

Окуя учурунда төрт кыргызстандык алып, алардын ичинен бирөөнө ок тийип, оор абалда жатат. Ошол эле учурда тажик тарап жети адамга таш тийип жабыркаганын айтууда.

Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970 чакырымды түзөт, бүгүнкү күндө анын 504 чакырымы гана такталган. Эки өлкө эгемендүүлүк алгандан бери 70 талаштуу аймактын тагдырын чече албай келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости