www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Садыр Жапаров “КРнын эл артисти” наамын алып берем дегенде, ыраазы болгом”, - деди NazarNews маалымат агенттигине Жогорку категориядагы ардагер диктор, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Абас Чикеев.

--“Мен 1993-жылы “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” наамын алгам. Дагы эки дикторго берилген. Бирок “КРнын эл артисти” наамын ала элекмин. Бир убагы келгенде алаармын, өзүм деле сыйлык же наамдарга чуркаган жокмун. Эл баалап, билсе болду. Президент Садыр Жапаров көп жыл мурда чыгармачыл инсандар менен чогу китепканада отурганбыз. Ошондо сизге “эл артистин алып берем агай” деди эле. Мен ошондо “албасам дагы ушунтип айтып койгонуңа ыраазымын” дегем. Көңүлүм аябай көтөрүлүп, ыраазы болгом. Андан бери абдан көп убакыт өттү. Садыр Жапаров чет мамлекетке кетти, кийин башына көп кыйынчылыктар келди. Азыр эсиндеби, жокбу билбейм. Мен негизи аны абдан жакшы көрөм, сыйлайм.

Менин обондорум, чыгармаларым жана кызматым элге арналат. Жаштарга көп нерсени үйрөткүм келет. Бирок баары эле каражатка келип такалат. Маданиятта жүргөн адамдардын айлык маянасы аз, эч нерсеге жетпейт. Азыр жатаканада турам. Обон жаратып, чыгармачылыктын үстүнөн иштейин дегем. Үйүм тар болгондуктан небере, чөбөрөлөрүм тоскоол болот. Ошондуктан үй маселеси кыйынчылык туудуруп жатат. Азыр тиешелүү документтерди чогултуп тапшыргам. Эми болобу азырынча белгисиз”, - дейт обончу.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости