www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз текстиль өнөр жайы Корея рыногун өздөштүрө баштады

Кыргызстандын Кореядагы элчиси Динара Кемелова, “HESED” компаниянын башчысы Мун Кён Ми жана “NAG GROUP” компаниянын жетекчиси Г.Надырбекова менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мун Кён Ми быйылкы жылы Кыргызстандан Түштүк Кореяга аялдардын кийимдери импорттолуп жаткандыгын айтты. Ал тигүү өндүрүшү жаатындагы кыргызстандык адистердин квалификациясын жогор баалады. Ошол эле учурда ал кореялык керектөөчүлөрдүн кыргыз продукцияларына кызыгуусун баса белгилеп, Корея базарына импорттун көлөмүн көбөйтүү пландарын билдирди.

Өз кезегинде элчи Динара Кемелова Кыргызстандагы текстиль тармагы акыркы жылдары динамикалуу өнүгүп келе жаткандыгын билдирди. Биздин ишканалар өз продукцияларын коңшу мамлекеттерге гана эмес, ЕАЭБ жана Европа Биримдигинин базарларына да экспорттоп турушат. Элчи Кыргызстандагы инвестициялык климат, айрыкча бул тармактагы инвестициялар жөнүндө маалымат берди.

Маектешүүчүлөр текстиль тармагында жигердүү кызматташууну улантууга макулдашты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости