www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду 1-июлдан тарта долбоорлорду кайрадан каржылоосун баштады. Мындай чечим Москва шаарында мекеме төрагасы Артём Новиков менен Фонд кеңешинин башчысы, РФтин финансы министринин орун басары Тимур Максимовдун жолугушуусунда кабыл алынганын КРӨФ маалымат кызматынан билдиришти.

Жолугушууда Артём Новиков учурда фондду модернизациялоо, корпоративдик башкаруу принциптеринин күчөтүлүшү, Кыргызстандан ишкерлерди колдоо боюнча жаңы долбоорлор тууралуу маалымат берди.

Ал эми Тимур Максимов Кыргызстандагы саясий абалдын турукташканын эске алуу менен жаңы долбоорлорду каржылоого убакыт келгенин белгиледи.

Тараптар эл иш менен камсыз болуп, өлкөнүн эл аралык аренадагы позициясы бекемделиши үчүн экономикага салым кошуу зарылдыгын белгилешти.

Аталган фонд 2014-жылы Кыргызстан менен Россиянын өкмөттөр аралык келишиминин негизинде түзүлгөн. Баштапкы капитал катары Россия тарап кайтарымсыз негизде 500 миллион доллар салган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости