www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Кумтөрдөгү акциясынын наркы түштү

Кумтөрдөн алтын казган “Центерра Голд” (“Centerra Gold”) компаниясынын бир акциясы 2-июлга карата Нью-Йорк биржасында 7,76 АКШ долларына түштү. Натыйжада аталган компаниядагы “Кыргызалтындын” 77 401 766 акциясынын наркы 600 миллион доллардын тегерегинде бааланып жатат.

“Центерра Голддун” акциясы 2020-жылдын июнь айында 11-12 доллардан, июль-август айларында 12-14 доллардан бааланып турган. Анда ишканадагы Кыргызстандын үлүшүнүн наркы алгач 900 млн. долларга, кийин 1,1 млрд. долларга чейин чыккан.

Былтыр бул жагдайга байланыштуу бир нече адистер кыргыз өкмөтүн “Центеррадагы” акциялар кымбаттаган кезде сатып жиберүүгө чакырган эле. Экономисттер андан түшкөн каражатты ишкерлерге жана калкка финансылык колдоо катары таратууну сунушташкан.

Канаданын BNN Bloomberg басылмасы быйыл майдын ортолорунда "Кыргызалтын" ишканасы "Центерра Голддогу" үлүшүнүн 19% сатууну көздөп жатканын жазып чыкты. Басылма акцияларын сатууну "Кыргызалтын" өзү жарыя кылганын, бул акция баасынын төмөндөшүнө алып келгенин билдирген.

Кийин, 17-майда Кыргызстандын өкмөтү Жогорку Кеңештин колдоосу менен “Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу сырттан башкаруу киргизип, кенди толук өзүнө алган. Анда убактылуу тышкы башкаруу үч айлык мөөнөткө киргизилери, эгер зарыл болсо дагы үч айга узартылары айтылган. Мындан кийин "Центерра Голд" компаниясы "Кыргызалтынга" Кумтөрдөгү акциясын башка тараптарга сатууга жана өткөрүп берүүсүнө тыюу салган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости