www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 2-июль күнү ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн ишмердүүлүгү менен таанышты.

Алгач аларга жакшы шарттарды түзүү, эл менен тыгыз жакындан иш алып барып, элдин милицияга болгон ишенимин арттыруу максатында «Сакалды» аймактык милиция бөлүмчөсүнүн ачылыш аземине барды.

 

Салтанаттуу аземге Жалал-Абад ОИИБдин начальниги милициянын полковниги Ашим Тагаев, Ноокен районунун акими Шаршеналиев Нурлан, айыл өкмөт башчылары, айылдык депутаттар жана жергиликтүү тургундар катышты.

Милиция бөлүмчөсүнүн ачылышында Октябрь Урмамбетов имаратты курууга салым кошкон инсандарга, куруучу компаниянын жетекчилигине Кыргыз Республикасынын ИИМнин «Кыргыз милициясына 95 жыл» юбилейлик медалын жана ардак грамоталарын тапшырып, жаңыдан салынган заманбап имаратты курууда жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн, айылдык депутаттардын жана тургундардын салымы зор экендигин баса белгилеп, аларга ыраазычылыктарын билдирип өттү.

Андан соң, Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов милиция бөлүмчөсүнүн имараты жана түзүлгөн шарттары менен жеринде таанышып чыгып, милиция бөлүмчөсү аталган аймактагы коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана болтурбоодо, ар кандай алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүдө натыйжа берерин айтып, кызматкерлерге эл менен жакындан иш алып баруу керектигин белгиледи.

Ошондой эле РИИБдин өздүк курамы менен жолугушуп, кызматкерлерге шарт түзүүдө көрүлүп жаткан чаралар боюнча маалымат берүү менен бирге, бир катар тапшырмаларды да коюп өттү. Белгилей кетсек, аталган милиция бөлүмчөсүн куруу үчүн 2015-жылдын 4-августунда жергиликтүү бийлик тарабынан 0,05га жер тилкеси бөлүнүп берилген.

2019-жылдан тартып бөлүмчөнү куруп ишке берүү максатында айыл өкмөттөр тарабынан 400 000 сомдон ашуун акча каражаты бөлүнүп берилген болсо, ал эми 2020-жылы Ноокен райондук өнүктүрүү фонду тарабынан 1 млн 850 миң сом акча каражаты каралып, андан сырткары ашар жолу менен да жергиликтүү тургундар куруу иштерине салым кошушуп, натыйжада имаратты куруу иштери толугу менен аяктаган.

Учурда Сакалды аймактык милиция бөлүмчөсүндө жалпы 9 кызматкер эмгектенип, алар Сакалды жана Арал айылдарынын 23 миңден ашуун калкын тейлеп келишет. Бөлүмчө РИИБден 15 чакырым аралыкта жайгашкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости