www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Темиров каналы” атайын иликтөө жүргүзүп, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Акылбек Жапаровдун аялынын, баласынын, башка туугандарынын оффшордук компаниялар менен байланышы бар экенин шардана кылып айтып чыкты.

Эми бул Кыргызстанда мамлекеттик чоң кызматта жүрүп байыган коррупционер-миллионердин классикалык үлгүсү да, туурабы? Цивилизациялуу өлкөлөрдө мындай учурда министриби, же премьер-министри болобу – отставкага кетет.

Себеби, биринчиден, ал булганган репутациясы менен бүтүндөй өкмөткө көлөкө түшүрүп, эл алдында аброюн кетирет. Экинчиден, ушинтип абийири аштай төгүлүп жатса, кайсы бети менен иштемек эле? Кызмат ордун ээлегенге моралдык укугу болбойт да...

Бизде, Кыргызстанда болсо мамлекеттик казынадагы акчаны өз чөнтөгүндөгү тыйындай пайдаланган коррупционерлердин бети калың эмеспи, колуна кишен салып, УКМКга алып барганга чейин былтыйып отура беришет. Коррупционерлерди “кустуруп” жаткан УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин шайы жетеби? Мамлекеттик кызматты ээлеп туруп, оффшор менен байланышы болгон Акылбек Жапаровду “кустурабы”?

Куудулдар айтмакчы “клизма жасайбы”, же “карга карганын көзүн чокубайт” дегендей, көрмөксөн, билмексен болуп кутулабы? Эгер чара көрбөсө, мыйзамдуулук, калыстык, адилеттүүлүк, акыйкаттык тепсендиде калат го? Мындай баалуулуктардын түбүнө жетебизби?

Кызык, Өмүрбек Бабановго, Асылбек Жээнбековго “иштеген” мыйзам Акылбек Жапаровго келгенде иштебей калабы?

Булак: Азия News гезити

Последние новости