www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Кыргыз темир жолу" ишканасы өз каражатына Орусиянын "Алтай Вагон" ишканасынан 100 даана чакан вагон сатып алмай болду. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы кабарлады.
Вагондордун 50сү 2021-жылдын аягына чейин алып келинсе, калганы 2022-жылдын биринчи кварталында келиши күтүлүп жатканы айтылды.
Белгилей кетсек, Бишкекте россиялык компаниялардын көп тармактуу ишкердик миссиясы өтүп жатат. Анын алкагында "Кыргыз темир жолу" РКӨФ жана "Нацпромлизинг" компаниясы ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлган.
"Ошондой эле Кыргызстандын чарба жүргүзүүчү субъектилеринин жүктөрүн темир жол аркылуу ташуу үчүн "Кыргыз темир жолу" өз каражатынан Россиянын "Алтай Вагон" ААКынан 100 даана чакан (жарым) вагондорун сатып алмай болду. Анын 50сү 2021-жылдын аягына чейин алып келинсе, калганы 2022-жылдын биринчи кварталында келиши күтүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, Кыргызстан темир жолдорун оңдоо үчүн Россиядан 20 чакырым рельс сатып алган.
Жарты вагон — атайын жүк ташуу үчүн ылайыкташылган, үстү ачык вагон.
Булак:NazarNews.kg