www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Мындай саткындар азыр деле бар. Кимдир - бирөө валюта ыйгарса, Кыргызстанды “оптом” сатып жиберишет. Эл менен кошо ак падышага каршы чыгышкан эл башчылары болгон. Алар орус аскерлеринин замбирегине камчы, кылыч менен каршы чыгышкан. Ошондо да жеңилбей күрөшкөн. Бирок, аларды кыргыздан чыккан чыккынчылар экс-спикер Зайнидин Курмановдун чоң атасы баш болгондор сый, наам үчүн орустарга сатып жиберишкен. Жапжаш Канат хандын балдары болгон үчүн күнөөсүз Жапарсыдык, Исакты жазалоочулар дарга асып салышкан. “Аккан арыктан суу агат”, 2010 –жылы Убактылуу Өкмөткө сатылган спикер Курманов парламентти башкаруудан качып, Москвада жашынып жүргөн. Эгер спикер келип мыйзамдуу парламентти башкарганда, иш кандай чечилет эле, ким билет.

Үркүн тууралуу 105 жыл мурун дүйнөлүк масштабда алгач Керенский сөз кылып колдоп чыккан. Үркүн маалында уюштуруучулардын бири Канат хан орус аскерлерин Боз-Бекеттен тостурат. Алматы, Бишкектен кошумча аскер келип кыргыз кошуунун талкалап, Канат хандын аман калган аскерлери өз айылдарына келе башташат. Кегети менен Шамшыны ашып түшкөн солто, тынай менен бирге бүтүндөй Кочкор өрөөнүн күн батышындагы эл үркүп, Караколду көздөй качышат. Үлгүрүп калганы орулуп, кырманга салган эгининен алып, мал –жаны түгөл үйү менен көчсө, кээ бирөөлөр субай –салтаң, жөө –жалаңдап жөнөп беришет. Чүй тараптан түшкөн аскерлер күңгөй жак менен Орток, Ак-Кудук, Күмүшай, Сары –Ала -Саз, Ак-Бел жакка качкан элди атып- кырып, Ак –Белден көчтүн астын тоскондо, эл Ийри-Суу, Бучуктун –Бели көздөй качышат. Жумгалдан жетип келген  орус аскерлери Ак –Учук, Сөөк, Кара –Мойнок менен чыгышып, үрккөн элди Бучук ашуусунан атышат. Эки жактан сокку алышкан солто, тынай, Кочкордун күн батышындагы элдин өлүктөрү жуушаган койдой жыбырап калат.

Эки жактагы элдин бары Кытайга качып кетип жатканда, жол тосулуп, Канаттын эли деп бүт кырылабыз го деп жатканда, Канат айыл жакшыларын, уруу башчыларын чогултуп:

-Силердин убалыңарга мен калдым. Эми силер Кытайга качабыз деп убара болбой, тынч тургула. “Бизди Канат кан зордук менен урушка тарткан, эми өзү жок” дегиле, -дейт. Эл жазалоочулар менен ымалага келип, алар Канаттын Ысак деген уулун кармап кетишип, дарга асып салышат. Жазалоочулар Канаттын Жапарсадык  деген баласын Бишкектен кармап, ошол жерден эле атып салышкан.

Канат элин үркүтпөй тынчытып коюп, он чакты жигити, бир аз туугандары менен Кытайга аттанат. Экинчи аялы Шабдандын инисинин кызы Аселди Сарала –Ала –Сазга калтырып кетет. Балким Шабдандын балдары көтөрүлүш учурунда тикелей жардам бербеди дегени болсо керек. Биринчи аялы –кетмен –төбөлүк Жылдызды, үчүнчү аялы солтолук Курманжанды, төртүнчү аялы кочкордогу туздук Жайыпты өзү менен ала жүрөт. Беделдин белине келгенде Канат:

- Болду, кайталы! Кытайга барып жыргап кеткенден көрө, элге барып өз башымды өлүмгө тосконум жакшы – деп, кайра тартышат.

Орус бийлиги Канатты тирүүлөй колго түшүрүүнү көздөшкөн. Бул мүмкүнчүлүктү жумгалдык болуш Канаттын уулу Карынбайдын кайынатасы Курман Лепесов менен анын уулу, кайынагасы Исхак Курмановдор түзүп беришкен. Курман Лепесов кадимки экс-спикер Зайнидин Курмановдун чоң атасы. Канат ханды кармап беришкени үчүн алар орус бийлигинен сыйлык, наамдарды алышкан. Канат болуштун сотко берген көрсөтмөсү боюнча, Исхак Курмановдун аны кармабаганын, ал генерал –гүбүнатыр Куропаткиндин Жети –Сууга келерин билип, ага жолугуу үчүн, Нарында колго түшүп бергенин, кыргыздын жерлерин орус келгиндери өзү билгендей тартып алып жатканын, болуштуктарды  шайлоолордо ойоз башчылары, приставдар пара алышып, ким көп пара берсе, ошону болуш кылып шайлап жатканын, салык, чыгымдар көбөйүп, кыргыздар мал катары эсептелип жатканын, кыргыз элинин көрүп жаткан азап –тозогун, ошондон улам көптөгөн болуштуктар көтөрүлүшкө чыкканын, өзү көп уруштун башында турганын айтып берген. Канат болуштун бир  уулу Керимбай ушул урушта окко учса, бир уулу Жапарсадык атылып, Ысак дарга асылган. 1917 –жылы 27 –мартта Убактылуу Өкмөттүн жарлыгынын негизинде Канат хан акталат.

 Бирок, орус жазалоочу аскерлери аны бошонордо чачын алабыз дешип Алматы калаасында уулантып өлтүрүшкөн.

Канат хандын сөөгү Алматыга коюлган, жердеши Ишеналы Арабаев атайын барып дуба окуган экен, уулу Карынбай 1923-жылы барып мүрзөсүнө белги коюп келген.

Чоң ашы берилгенге чейин кыздары Туруш менен Зыйнат эки маал кошуп турган, кошоктун үзүндүлөрү:

Туруш:

Алты атар мылтык машасы,

Алты ата тууган бар болсо,

Окутар Курман жазасын.

 

Зыйнат:

Жети атаар мылтык машаасы,

Жеткилең тууган бар болсо,

Жеткирер Курман жазасын.

 

Туруш:

Мөмөлөп өскөн бир жыгач,

Мөмөлөрү күбүлдү.

Кудасы Курман кууланса,

Кан атам,

Кудай деп акка бүгүлдү.

 

Зыйнат:

Кара –Суу акса сай менен,

Каптады шамал кар менен.

Кармалып берди өзү эле,

Кан атам,

Кан болду деген шаң менен.

 

Туруш:

Талаа –Булак, Коңорчок,

Атакем, таалайга чыккан кызыл чок.

Кыямат кеттиң муңканып,

Кантейин,

Кыйкырган менен бизге жок.

 

Зыйнат:

Ийри –Суу, Көк –Жар, Чаар –Арча,

Атакем, жардамың тийген далайга.

Акыры өттүң дүйнөдөн,

Атакем, артыңдан калган калк канча? –дешип эки кызы алым –сабак кылып кошушкан.

Канат хан көтөрүлүш маалында казатка аттанып, падыша өкмөтүнө жаман көрүнбөй эле кээ бир болуштарча кедейлердин балдарын тизип берип, же кытайга кара башын алып качса деле болмок. Же болсо “эл кыстоодо калды” деген сөзгө муюбай  Исхак Курмановдун өзүн атып, качып жүрө берсе өлбөй калмактыр. Ал өзүн элден артык көрбөй элдин кыйналып жатканы үчүн башын тосуп берген.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости