www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда президенттик «Жаңы Өзбекстан» университети ачылат. Тиешелүү токтомго президент Шавкат Мирзиеев кол койду. 

Кечээ, 23-июнда Шавкат Мирзиеевге ал университеттеги окуу процессти уюштуруу иштери боюнча презентация болгон.

Аталган университетте 5: инженердик иш, табигый илимдер, менеджмент, агротехнология жана маалыматтык технологиялар факультет болот. Окуу мамлекеттик жана англис тилдеринде жүргүзүлөт.

«Жаңы Өзбекстанда» окуу быйыл сентябрь айында башталат. Жаңы имарат салынганга чейин студенттер Дүйнөлүк экономика жана дипломатия университетинин бош турган имараттарында окушат.

Университеттин башкы максаттарынын бири илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, студенттерди илимий жана инновациялык иштерге тартуу болуп саналат. Бул максатта университет дүйнөнүн алдыңкы университеттери жана илимий-изилдөө борборлору менен кызматташат. Ошондой эле илимий журнал ачылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости