www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Муса Бажаев "Бакубат Талас" фонду түзүлгөнүн, ага жыл сайын 2 миллион доллардан бөлүнөрүн айтты. Бул каражат аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, мектептерди курууга жана бизнеске жардам берүүгө жумшалмакчы.

Кыргызстан "Жер-Үй" долбоорунан салык жана Социалдык фондго төлөм катары бир миллиард доллардан көбүрөөк акча алат. Бул тууралуу алтын иштетүү фабрикасынын ачылышында "Альянс тобунун" президенти Муса Бажаев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан менен Россиянын кызматташтыгынын жаңы барагы ачылып жатат. Ошондой эле евразиялык кызматташтык форматындагы бул долбоорго Россия, Кыргызстан жана Казакстандын компаниялары катышып отурат. 

“Бул айлана-чүйрөгө зыянын тийгизбеген заманбап өндүрүш. Мында миңден ашык киши жумуш менен камсыз болсо, ишканага кандайдыр бир тиешеси бар тармактарда 2 миңдей киши иштейт. Кыргызстан "Жер-Үй" долбоорунан салык жана Социалдык фондго төлөм катары бир миллиард доллардан көбүрөөк акча алат”, — деди ал.

Ошондой эле ал "Бакубат Талас" фонду түзүлгөнүн, ага жыл сайын 2 миллион доллардан бөлүнөрүн айтты. Бул каражат аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, мектептерди курууга жана бизнеске жардам берүүгө жумшалмакчы.

Булак: "sputnik.kg"

Последние новости