www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан Япониядан 1,1 млн доза коронавируска каршы вакцина жана аларды сактоого муздаткычтарды сурады. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Япониянын элчиси Сигэки Маэда менен жолугушкан. Анын жүрүшүндө Бакашова өлкөдө коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн адамдар аз болгондугуна байланыштуу калкты эмдөөнү тездетүү зарыл экенин белгилеген.

«Азыркы оор кырдаалда Япониянын элди эмдөөгө колдоо көрсөтүүсү эмдөө иштерин тездетүүгө жана пандемиянын кесепеттерин жеңүүгө зор салым кошот деп ишенем», - деди Бакашова.

«Ошондой эле тараптар коронавируска каршы вакцинаны Япониянын Кыргызстандагы эл аралык кызматташуу агенттиги (JICA) аркылуу сатып алууну талкуулашты», - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости