www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмүнүн улук тергөөчүсү опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.
24-июнда УКМК жана Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы тарабынан опузалап пара алуу фактысы боюнча Жалал-Абад облусунун Кара-Көл ШИИБнин улук тергөөчүсү «Ы.Н.Э» кармалган.
Улук тергөөчү жергиликтүү жаран «А.Ш.Ш.» аттуу адамга карата козголгон кылмыш ишин оң тарапка чечип берем деп 40 миң сом өлчөмүндө пара талап кылган.
Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара алуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Кармалган адам Жалал-Абад шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүрүп жатат.
Булак: NazarNews.kg