www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жайыбыз ысык болгон соң, кышыбыз суук болуп кыйнабас бекен деген коркунуч баардык адамдарда эле болгон сыңары, өкмөттү деле түйшөлткөн маселе ушул. Кыргызстандын көптөгөн кайра иштетүү, өнөр жай ишканалары электр энергиясы менен тыгыз байланышта. Ал үчүн кышкы даярдыктарды күчөтүп, үнөмдөөнү эмитен баштабаса болбойт.

Кыргызстанда 45 кен казуу тармагында күзгү-кышкы мезгилге болгон даярдыкка карата электр энергиясы өчүрүлгөнү маалым болду. Бул тууралуу бүгүн, өкмөттүн жыйынында Улуттук энергохолдингдин жетекчиси Айтмамат Назаров билдирди.

Бул электр энергиясын үнөмдөөдөгү акыркы чек эмес, эми электр энергияны үнөмдөө максатында, Өзбекстанга кышкы мезгилде электр энергия берүү токтотулары да айтылды. Учурда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 17,2 млрд. куб метрди түзөт. Муну менен катар, Кыргызстанга электр энергия кышкы мезгил учурунда жетиштүү болот деп билдиришет адистер, - дейт «Факты.kg» гезити.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости