www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Соцфонддун төрагасы Бактияр Алиев бүгүн билдиргенге караганда, пенсия алгандардын саны 10 жыл ичинде 220 миңге көбөйүп, 720 миң адамга жетти, бул – жалпы калктын 11 пайызы. Эң төмөн пенсияны – айына болгону 1500 сом – 40 миң киши алат экен. Бул адамдар эч качан иштеген эмес, ошондуктан Соцфондго дагы эч нерсе төлөгөн эмес.
Алардын дээрлик баары инвалид деп айтса болот, анткени мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жалпы саны өлкөдө 200 миңдин тегерегинде экени белгилүү, алардын бештен бири – иштей албагандар, ошондуктан Соцфондго алар акча төккөн эмес деп божомолдосо болот.
Алиев – өң чоң пенсия азыр айына 179 миң сом деп да билдирди жана: «Ким канча акча төксө, ошондой пенсия алат», – деп анча акча алгандарды коргой да кетти. Бирок жогорку айлыкка жеткендер – иштей албагандар менен байлыгы менен бөлүшүш керек, антпесе Кыргызстанды социалдык өлкө деп атай албайсың.