www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектеги Октябрь РИИБдин кызматкерине издөө жарыяланды, деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 6-декабрда.
Арыз ээси О.А. билдирген маалымат боюнча, РИИБдин кызматкери С.Р. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, андан 135 миң доллар алган. Кийин ал ар кандай шылтоолорду айтуу менен акчаны кайтаруудан баш тарткан. Бул факт боюнча Жазык кодексинин 209-беренесиндеги 4-бөлүмдүн 1-пункту (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, ири өлчөмдөгү алдамчылык жасоо) менен сотко чейинки тергөө иштери башталган. Биринчи май райондук соту шектүүгө карата сыртынан камакка алуу чечимин чыгарган. Учурда тергөө уланып жатат.
ГКНБ шектүүдөн жабыркаган жарандар болсо, нөөмөт бөлүмүнө (0312) 66-04-75 номуру аркылуу жана аймактык башкармалыктарга билдирүүгө чакырат.
Булак: NazarNews.kg