www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Салык кызматы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин жана алардын туугандарынын 2020-жылдагы кирешеси, чыгашасы жана мүлкү тууралуу декларация жарыялады.

Космосбек Чолпонбаев саламаттыкты сактоо министри кызматын 2018-жылдын октябрынан тарта 2020-жылдын апрелине чейин аркалаган. Декларациядагы маалыматтарга таянсак, анын 2019-жылдагы кирешеси 6 млн 685 миң сом, 2020-жылдагы кирешеси — 502 миң 129 сом болгон. Анын ээлигинде ири мүйүздүү малдар (600 миң сомдук), эмеректер (200 миң сомдук), турмуш-тиричилик техникасы (150 миң сом) бар экени көрсөтүлгөн.

Ал эми жакындарынын кирешесинин көлөмү 3 млн 346 миң сом жана 176 чарчы метр болгон батири, баалуу кагаздары (50 миң сом) бар.

Космосбек Чолпонбаев кармалганын 2020-жылдын 15-сентябрында Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирген. Ал шалаакылык жана кызматынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча шектелген.

Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги жогорку даражалуу кызматкерлер жана фармкомпаниялар коррупция менен алектенген кошумча факттар аныкталганын 2021-жылдын 15-октябрында УКМКнын басма сөз кызматы билдирген.

Расмий маалымат боюнча, мурдагы саламаттыкты сактоо министринин тууганы С.Ж.К. фармкомпаниялардын кызыкчылыгын лоббирлегени белгилүү болду. Ал Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги чоң кызматтагы адамдарга дарыларды Дары-дармек менен камсыздоо департаментинде каттоо жана кайра каттоо иштерин тездетүү үчүн акча берип келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости