www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактарда Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого №30 Ысык-Ата округунан талапкер Акбөкөн Таштанбековдун катышуусундагы видеотасма жарыяланды, деп жазат УКМК.

УКМКнын маалыматына ылайык, бул видеодо А.Таштанбеков улуттар аралык жана аймактар ​​аралык кастыкты козутууга багытталган аракеттерди жасап, коомдо терс пикирлерди жаратып жатат.

«А.Таштанбековдун аракеттеринде Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 330-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда (Улуттар аралык жана региондор аралык кастыкты козутуу) каралган кылмыштын белгилеринин бар экендигин эске алып, 2021-жылдын 4-декабрында ага карата тиешелүү кылмыш иши козголгон.

2021-жылдын 6-декабрында тергөө органдары тарабынан бул кылмышты жасагандыгы үчүн А.Таштанбековду жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү өтүнүчү менен Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылуу жөнөтүлгөн.

Белгиленген кайрылууну кароонун жыйынтыгы боюнча тергөө тиешелүү процессуалдык чечим чыгарып, А.Таштанбековдун аракеттерине юридикалык баа берет», - деп айтылат маалыматта.

БШКнын маалыматы боюнча, Акбөкөн Таштанбеков №30 Ысык-Ата округу боюнча эң көп добуш алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости