www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баш прокурор Зулушевдин кандай мал-мүлкү бар?

Салык кызматы башкы прокурор Курманкул Зулушевдин мал-мүлкү тууралуу 2020-жылга карата тапшырган декларациясын жарыялады.

Документке ылайык, башкы прокурор бир жылда 750 722 сом иштеп тапкан, чыгашасы жазылган эмес. Ал Toyota (үлгүсү көрсөтүлгөн эмес) автоунаасына, 70 миң сомдук эмерек, 25 миң сомдук компьютер жана техникага ээлик кылат. Мындан сырткары, 250 миң сомго бааланган бодо малы, 700 миң сомдук жылкы, 1 650 000 сомдук таза кандуу аргымактары бар.

Ал эми жакын туугандары 2020-жылы 250 миң сом киреше чогулткан. Ошол эле учурда чыгашасы 4,9 миллион сомго жеткен. Алардын 119 чарчы метрлик турак жайы, аянты 8,1 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкеси бар.

Белгилей кетсек, Курманкул Зулушев 2020-жылдын октябрь айына чейин Жогорку Кеңештин депутаты болуп иштеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости