www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Театр - жашоо күзгүсү

Спектакль - бул жандуу дүйнө. Эгер көрүүчү спектакль менен кошо жашай алса, анда ошол кесипкөйдүн эмгеги. Профессионал актрисанын күчтүүлүгүн мындан билгиле, ал өзүн ар кыл образда мыкты көрсөтө алат. Ички жана сырткы сулуулук төп келгенде жаштык көпкө кармалып турат бейм. Драматург Айвон Менчеллдин “Өмүр күзү” пьесасын сахналаштырган Уланмырза Карыпбаевдин спектаклинде Жамила Сыдыкбаеванын каарманы Люсиль өздүгүн сыр катып, көрүүчүлөрдү аргасыз ойлонтууга мажбур кылып тургансыйт.

Жамила айым тасма жаатында дагы экрандын көркү болуп келгени келген. Анын алгачкы ролу 1974-жылы киносценарист Эркин Борбиевдин сценарийинин негизинде тартылган “Ташка баткан элестер” тасмасы эле.

-  Чыгармачлыктын кулу болуу дагы оңой эместир...

- 1967-1972-жылдары Москвадагы театралдык окуу жайды 24 бала бүтүп келген. Ал эми биздин мугалимдерибиз: доцент Н.В.Чефранова, жана МХАТтын көрүнүктүү артисти, РСФСРдин эмгек сиңирген артисти Л.Г.Топчиев эле. Эң негизги педагог, окутуучубуз профессор, МХАТтын режиссёру, Станиславскийдин окуучусу СССРдин эл артисти Иосиф Моисеевич Раевский болчу. Театр искусствосунун негиз салуучуларынын бири эле. Чындыкты чагылдыруучу театр багытын негиздеген Станиславский болуп эсептелинет да. Биздин жетекчибиз да, ал кишинин шакирти болуп, ал негиздеген билимдин улантуучулары болуп кетет.

Улуу окутуучудан билим алганыбыз үчүнбү, айтор, курсташтарыбыздын он бири КРнын эл артисти, калганы КРнын эмгек сиңирген артисти болушту. Москвадан келген соң курсташтар чогуу С. Ибраимов атындагы Ош драма театрына өкмөт менен партиянын чечими менен иштеп калдык. Биз менен чогуу бирок режиссёрлукту бүтүп келген Искендер Рыскулов менен иштештик. Искендердин бүтүндөй турган-турпаты режиссёрлукка сугарылган бейм. Анын койгон спектаклдери ийгиликтерди багындырчу. Ал эми театрдын башкы режиссёру Адылбек Дыйканбаев деген мыкты талант менен иштешип калганымды сыймык менен айтып кетемин.

ГИТИСти бүтүп келип, актёрдук кесипти аркалаганыбызга мына быйыл 49 жылдын жүзү болду. Ленинграддан бүтүп келип, Кыргызстанда иштеп жаткан Уланмырза Карыпбаевдин дипломдук иши атайын биздин юбилейлик мааракебизге арналып коюлганы турат. Кудай буюрса күз айларында премьерасы болот.

- Жылдыздар канчалык алыс жайгашса, ошончолук жаркырайт дешет. Биздин залкарларды дагы ошол жылдыздарга салыштырат элем. Кайсы залкарлар менен туз насиптеш болуп калдыңыз?

- Кыргыз эли түзмө-түз айтканда эзелтеден эле даанышман эл болгон. Тектүү элдерге кирет, тектүүдөн тектүү туулат дейт . Тектүү эл тукум кууйт деп койчу илгеркилер. Эгер ошол ырас болсо, анда тектүү элибиздин баары бир көрөңгөсү бөксөрбөйт деп ойлоймун. Заман миң кубулуп миң жаңыланса дагы ата-бабадан калган касиетибиз ошол миң кишиден бирөөндө болсо дагы кийин жүрүп олтуруп муун улап кетерине ишенем. Театрдын могикандары: М.Рыскулов, А.Көбөгөнов, Балкыбекова, Д.Күйүкова, С.Күмүшалиева, Н.Кытаев, Н.Чокубаев, А.Кыдырназаров, А.Көбөгөнов, Д.Күйүкова, Б.Кыдыкеева, С.Күмүшалиева, Т.Турсунбаева, С.Жумадылов, К.Досумбаев, И.Эшимбеков, Г.Дулатова, С.Далбаев, М.Далбаева, Ж.Сейдакматова менен туз насип буйруганына бактылуумун.

- Өмүр изиңизди театрга байлап койгондойсуз...

- Мендеги чыгармачылыктын башаты, мен баскан жол биринчи кезекте Кудай Тааламдын колдоосу, карапайым элдин батасы, кызыта чапкан алакан оту менен өзүбүздүн “МЕНибизди” тааныганда тобо деп жакабызды кармайбыз, барчылыккка шүгүр келтиребиз. Чыныгы талант эгедерлери чоң түйшүктү моюнга жүктөп алып, адал мээнеттен баар таап, адал тамактанып, туңгуюктан жылчык таап чыгып кетет экен. Жакшысын жаркыратып алып чыксак, жаманын ичибизге сактап жутуп коюп жатабыз.

Бирок бир келген өмүрдө артка кылчайып кайрылганга үлгүрбөйт экен, ар бир жасаган ишиңден өзүң кайра сабак аласың. Жашоодо эч ким түркүк болгон эмес. Бул өмүрдөн өтүп кетерде эл алдында жүзүм жарык. Эмне үчүн?! Себеби биз, чыгармачыл инсандар, өнөр босогосун аттагандан тарта эли-жерим деп жашап келдик. Ошол туулган жерибизди мартаба тутуп, ошонун даңазасын чыгарганга өзүбүздү бактылуу сезип, жалаң эли-жерибизге ийилип келдик.

Азыркы заман такыр башка... Өзүңдү сүй, өзүң үчүн жаша деген чакырыктар келип жатат. Байлыгына чиренген мансапкорлор көбөйдү, алар бар жерде намыс деген сезим артка шыпырылат экен. Ким бай болсо ошол мартабалуу көрүнөт, алар төрдө, ал эми өз кесибинин профессионалдары босогодо отуруп калып жатышат. Мен айтып кетер элем, мамлекет маданиятыбызга көңүл бөлүп, материалдык жактан колдоп койсо жакшы болмок...Байлык жыя албасак дагы, элден бата жыйып жок дегенде артыбызда өсүп келе жаткан балдарыбызга кийинки урпактарыбызга калар деген үмүт зор.

Динара АСЫЛБЕКОВА

Булак: NazarNews.kg

Последние новости