www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ - Кыргызстанда көп айдалган 10 автоунаа. Тизме

Санариптиик өнүктүрүү министрлиги Кыргызстанда саны боюнча көп 10 автоунаанын рейтингин түздү.

Министрликтин маалымат кызматы билдиргендей, өлкөдө Mercedes-Benz үлгүсүндөгү машина айдагандар басымдуулук кылат. "Унаа" ишканасы мындай үлгүдөгү көлүктөн 141 618ди каттаган.

Экинчи орунга Daewoo үлгүсүндөгү авто илинген. Мындай үлгүдөгү автоунаадан өлкөдө 139 406сы катталган. Бир жыл мурда ал үчүнчү орунда болчу.

Кыргызстандыктар көп айдаган автоунаалардын алдыңкы катарында "АвтоВАЗ" компаниясынын унаалары да турат. Аталган транспорт былтыр экинчи орунда болсо, быйыл 137 485и катталып, үчүнчү орунга түшкөн.

Япониянын Toyota жана Honda компанияларынын автоунаа, мотоциклдерин айдаган кыргызстандыктар да арбын. Булар рейтингде 4-5-катардан орун алган. Toyota үлгүсүндөгү автоунаадан 128 672си катталса, Honda үлгүсүндөгү автоунаадан 118 722си каттоодон өткөн.

5-орундан 10-орунга чейин Корея, Германия, Россия жана Японияда чыгарылган автоунаалар илинген. Аларды министрлик даярдаган инфографикадан көрө аласыздар.

Мекеме өлкөдө автоунаалардын арасында Aston Martin, McLaren Automotive сыяктуу автоунаалар бар экенин айтып, мындай бирден гана экземпляры бар көлүктөрдөн 483ү катталганын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости