www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров кыргыз экономикасы учурда башынан эң оор күндөрдү өткөрүп жатат деп эсептейт. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтты.

Президент тамак-аш продуктуларынын баасы кымбаттап, дагы өсүп баратканын, Кыргызстан импорттон көз каранды болгондуктан күйүүчү-майлоочу майлардын баасын көзөмөлгө алуу мүмкүн болбой жатканын билдирди.

Президент бизнес олуттуу көйгөйгө туш болгонун, мамлекеттин колдоосу жок, өз алдынча жеңе албасын белгиледи.

"Ишкердикти өнүктүрүү маселелери — бул биздин экономиканын негизи жана бюджеттин кирешелерин көбөйтүүнүн башкы шарты. Биз ишкерлерге жана инвесторлорго карата өзүбүздүн ой-жүгүртүүбүздү түп тамырынан бери өзгөртүүгө тийишпиз. Анткени, алардын ийгилиги экономикага оң таасир тийгизет, бул болсо бизге социалдык чөйрөдө, коопсуздук маселелеринде, экологияда, адамзат капиталын жакшыртууда жана башка багытта алдыга коюлган башка маселелерди толук кандуу чечүүгө мүмкүндүк берет", - деди Жапаров.

Президенттин айтымында, азыркы учурда экономиканын өсүшүү темпи жана тартылган инвестициялардын көлөмү абалды түп тамырынан бери жакшыртуу үчүн дээрлик жетишсиз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости