www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунда рейд учурунда 15 ок атуучу курал алынды

Жалал-Абад облусунун аймагында парламенттик шайлоо күнү коомдук коопсуздукту камсыздоо жана курал колдонуу менен жасалган кылмыштардын алдын алуу максатында милиция тарабынан “Арсенал” ыкчам алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Рейддин алкагында курал-жарак сактоочу 50 объект текшерилген. 2 миң 200дөн ашуун мергенчиликти сүйүүчүлөрдүн курал сактоо эрежелери текшерүүдөн өтүп, тиешелүү эрежелерди бузган 52 атуул аныкталган. Алардын ичинен 12 жаранга айыппул салынып, 40 жаранга эскертүү берилген.

“Арсенал” операциясынын алкагында облус аймагындагы мергенчилерден жана карамагында ок атуучу куралдары бар мекемелерден жалпы 267 ок атуучу курал жарактуулугу боюнча текшерүүдөн өткөрүлгөн. Милиция тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында 15 ок атуучу курал жарандар тарабынан өз ыктыяры менен тапшырылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости