www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларустун президенти Александр Лукашенко Польша менен чек арага жакын жерде жайгашкан логистикалык борборго жайгаштырылган Жакынкы Чыгыштагы качкындарга белорус тарап аларды кармап, ур-токмокко албай, тикенектүү зым менен кармабай турганын, эгер кааласа мекенине кайтууга жардам берерин айтты.

"Билишиңизди каалайм. Каалабасаңыз, эч кандай учурда сизди кармап, учакка жүктөп, үйүңүзгө жөнөтпөйбүз", - деди Лукашенко.

Лукашенко Беларустан миңге жакын мигрант мекенине эвакуацияланганын белгиледи. Ошол эле учурда ал беларус бийлиги мекенине кайтууну каалаган качкындарга жардам берерин, бирок мажбурланбай турганын айтты. "Биз күч менен эч нерсе кылбайбыз. Бул жерден кеткиң келсе жардам беребиз. Өмүрүңөрдү сактап калуу үчүн баарын жасайбыз", - деп баса белгиледи ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости