www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чынын айтыш керек, бийлик үгүт ишине жакшы шарт түзүп берди. Албетте, акыркы күндөрдө оппозициялык маанайдагы лидерлерге карата кара пиарлар абдан көбөйдү. Ошондой болсо дагы, шайлоо маарасына чейин калыстык кармалды. Президент таза шайлоо боюнча тынымсыз билдирүү жасап, баш ийбегендерине чара көрдү. Эки күн мурун Садыр Жапаров Кеминге барганда дагы кескин пикирин билдирип: “Шайлоого ким кааласа катышып жатат. Оппозициясы, позициясы бар. “30 жылдан бери келаткан эски жүздөр, сайраган сагызган” — ​деп айтып жатасыңар. Эч кимисине бут тоскон жокпуз. Мурда бийликтин гана партиясына иштешчү. Оппозиция көчөдө калып аларга свет, залды, керек болсо көчөнү да берчү эмес. Анын баарын жок кылдык. Биз демократиялуу өлкөбүз” — ​деди. Биз ушул ойду улай, коомчулукка төмөндөгүдөй суроо салдык.

— Бийлик калыстыкты кармап, административдик ресурсту колдонгондорго чара көрүп, талапкерлердин баарына бирдей шарт түзүп берди. Эми шайлоо күнү капчыктуу адамдар эски илдет менен добуш сатып алууларды уюштуруп, таза шайлоо ураанына көө жаппайбы?

   — Таза шайлоого, таза бийликке, адилеттүү башкарууга болгон негизги тоскоолдук — ​бул элдин шайлоого, мамлекеттин тагдырына жасаган кайдигерлиги. Элдин 30 пайыз шайлоочулар добушун сатып кайдыгер болсо, 60 пайызы шайлоого катышпай кайдыгер. Мындай шартта 40 пайызга жетпеген эл шайлоого катышып, добуштарды сатып алууга ыңгайлуу болуп, таза адамдардын бийлике келишине жол тосулат. Ошондуктан, кыргызтандыктардын баарын добуштарын сатпоого жана шайлоого катышууга чакырамын. Элге бийликти тазалоого 5 жылда бир эле жолу мүмкүнчүлүк берилет, кайдыгер болбой ушул мүмкүнчүлүктү пайдаланыш керек.

Булак: Жаңы Ордо гезити

Последние новости