www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2022-жылдан тарта электр энергиясы көбүрөөк өндүрүлөт

Кыргызстанда 2022-жылдан тарта электр энергиясын өндүрүү көбөйтүлөт. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин Электр энергиядагы мамлекеттик саясат башкармалыгынын жетекчиси Айбек Айдаралиев билдирди.

Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "Агросектор тармагында электр жарыгы өчүрүлөбү?" деген тегерек столдо сүйлөдү.

Анын айтымында, министрликтин натыйжа бере турчу пландары бар.

"Энергетика министрлигинин атынан ишендирип кетем, энергетиктер штаттык режимде иштеп жатат. Баары жакшы болот. Кийинки жылы электр энергиясын өндүрүү көбөйтүлөт. Анын ичинде энергиянын кайра жаралуучу булактары менен жылуулук электр станциялары боюнча да көбөйтүлмөкчү. Сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, биз күнү-түнү иштеп жатабыз. Тарифтер боюнча дагы иштер жүрүүдө. 2022-жылдан тарта энергетика системасында чоң жылышты көрөсүздөр", — деген Айдаралиев.

Анын айтымында, акыркы жолу электр энергиясын өндүрүү 2010-жылы көбөйтүлүп, анда Камбар-Ата - 2 ГЭСинин экинчи агрегаты ишке киргизилген.

2020-жылы Орто-Токой менен Папан суу сактагычында электр кубатын алуу боюнча иштер жүргүзүлүп, Кара-Көлдө ГЭС куруларын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости