www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-ноябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкөнүн энергетика тармагы боюнча угууну жабык эшик артында өткөрүү сунушун четке какты.

«Мен энергетика тармагы боюнча маалыматты жабык эшик артында угууга каршымын, анткени бизде жашыра турган эч нерсе жок», - деди ал.

Анын айтымында, бул маселе боюнча күн сайын сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыктан, коңшу өлкөлөрдөн да жашыра турган эч нерсеси жок.

Бул сөздөрдөн кийин президент маселени добуш берүүгө койду. Коопсуздук кеңешинин калган мүчөлөрү «макул» деп добуш берип, президенттин сунушун колдоп, жыйын ачык форматта улантылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости