www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда пневмонияга чалдыккандар 24,3%га жогорулады

Үстүбүздөгү жылдын алгачкы алты айында Кыргызстанда пневмония менен ооругандардын саны былтыркы жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 24,3 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин ыкчам маалыматына караганда, республика боюнча январь-июнь айларында 16 190 учур катталган. Ал эми өткөн жылдын ушул эле мезгилинде 13 026 жарандан пневмония табылган.

"Нарын облусунда пневмонияга кабылгандардын саны 1,7 эсеге, Чүй, Ысык-Көл жана Бишкекте 1,6 эсеге көбөйгөн", - деп айтылат маалыматта.

Ошол эле учурда Баткен (25,3 пайыз) жана Талас (20,1 пайыз) облустарында ооругандардын саны кыскарган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости