www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-июлда Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугуп, өлкөдөгү социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий маселелер тууралуу пикир алмашат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди

“Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” жаңы мыйзам долбоорун Садыр Жапаров сунуштаган. Ага ылайык 55 депутат партиялык тизме, 35 депутат бир мандаттуу округдан шайланып келет.

Бир мандаттуу округдардан шайлоо үчүн Кыргызстан 103 миң шайлоочудан 35 округга бөлүнөт.

Кыргызстанда бир мандаттуу округдардан шайлоо акыркы жолу 2005-жылы өткөн. Ал шайлоонун жыйынтыгы 24-марттагы Жоогазын революциясы менен аяктаган.

Эске салсак, былтыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу калайман каршылык чыгып, ал бийлик алмашуу менен аяктаган. Октябрь окуяларынан улам бийликке келген Садыр Жапаров парламенттик шайлоо системасын өзгөртүүгө убада берген эле.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости