www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

10-март күнү саат 16:00 чамасында Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарына караштуу талаада А.А. аттуу жаранды Б.Б. жана анын кылмыштуу шериктери Д.У., А.Т. жана башка тергөөдө өздүгү аныктала элек шериктери менен “Сен зонанын акчаларын жеп коюпсуң” деп көптөп сабашып, денесине жараат келтиришкен.

Аталган факты Сузак РИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Өндүрүш ишинин алкагында тиешелүү соттук-медицианалык жана башка экспертизалар дайындалган.

Бул фактынын бетин ачуу максатында Жалал-Абад ОИИБдин жана Сузак РИИБдин опер кызматкерлерине тергөө тапшырмасы берилип, анын негизинде жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында мурда бир нече жолу соттолгон, КРнын ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган Сузак районунун тургуну 1975-ж.т. Б.Б. кармалып, Жалал-Абад шаардык соту тарабынан 2 айга камакка алынды. Калган шериктерин жоопко тартуу боюнча тергөө жана ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости