www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда ажырашкан түгөйлөр саны жыл санап өсүүдө. Кыргызстанда жыл сайын 9 миңден ашуун түгөй ажырашат. Бул сот аркылуу “официалдуу” ажырашкандардын гана көрсөткүчү. Никесин каттатпай жашап жүрүп же соттун кийлигишүүсү жок эки айрылыш жолго түшкөндөрдү эсепке алганда, ажырашкандар саны мындан дагы көп болушу мүмкүн.Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук статистика комитетинин соңку маалыматында айтылды. Маселен, акыркы эле беш жылды алалы. 2014-жылы 54 942 нике катталып, алардын ичинен 9 миң 235 түгөй ажырашып кеткен. 2018-жылы 49 579 нике катталып, алардын ичинен 10 миң 434 жуп никесин жокко чыгарган.

Кыргызстанда үй-бүлө бузулгандан кийин көпчүлүк учурда жоопкерчилик эненин мойнунда калат. Бирок андай болбошу керек. Маселен, жалгыз бой энелер тарбиялап өстүргөн балдар психологдорго көп кайрылышат. Себеби, аларда туура кеңеш бере турган эркектин мээрими жетишсиз болуп калат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

 

Последние новости