www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандагы мектептерде медициналык кабинеттер ачылат

Билим берүү жана илим министрлиги өлкө аймагындагы мектептерге медициналык кабинеттерди ачууну көздөп жатат. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө караганда, учурда айрым окуучулар дары ичип же укол алууга шарт жок болгондуктан мектепке бара албай жатышат.

«Атайын кабинеттер ачылса кант диабети, талма илдети бар балдар мектепке коркпой бара алат. Мектептерге кабинет ачып, медайымдарды штатка алып иштетүү көп балдардын билим алуусуна шарт түзөт», — деп айтылат бидирүүдө.

Маалыматка караганда, 2022-2023-окуу жылында ар бир мектепке медициналык кабинет ачып, медайымдарга айлык коюп берүү (0,25тен 1ге чейин) пландалууда. Бул кабинеттердин иштөөсү үчүн 386,7 миллион сом бөлүнөрү айтылды.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости