www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти Владимир Путин мындай пикирин 17-мартта Таластагы Жерүйдөгү алтын иштетүүчү комбинаттын ачылыш аземинде айтты.

«Бул долбоор Орусиянын Кыргызстанга жасаган инвестициясынын рекорддук көрсөткүчү. Анын көлөмү 600 миллион долларды түзөт. Талас облусундагы бул тоо-кен ишканасында эң жакшы техникалар жана шаймандар колдонулат. Экологиялык нормалар сакталат. Мен Кыргыз бийлигине жана жеке Садыр Жапаровго жагымдуу инвестициялык климат түзүп жатканына ыраазычылык билдирем. Жаңы ишкана кыргыз бийлигинин колдоосуна ээ болот, деп ишенем. Биргеликте ишке ашып жаткан бул долбоор кыргыз-орус алакасынын символу болуп, эки элдин достугун арттырат», -деди Путин.

Ошондой эле, Орусиянын президенти Жерүй кенинде 90 тонна алтын, 25 тонна күмүштүн запасы бар экенин белгиледи.

Бул иш-чарага Владимир Путин телекөпүрө форматында онлайн катышты.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости