www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандагы өндүрүш жанданабы?

Шаршемби күнү Бишкекте «Дастан» корпорациясы Орусиянын «Рособоронэкспорт» ишканасы менен келишимге кол койду жана жакын арада Орусиянын Деңиз-аскерий флотуна 459 миллион сомдук 54 модуль жасап берет, бул – 5 жарым миллион долларга тете. Акыркы жылдары «Дастан» – мына жабылат, мына сатылат деп келген, анткени анын өндүрүмү өтпөй калган.

Советтик мезгилде «Дастан» корпорациясында «Шквал» деген торпедалар чыкчу жана алар Ысык-Көлдө сыналчу. Ал торпедалардын сырын билүү үчүн америкалык тыңчылар да Кыргызстанга келчү деп айтылат. Алардын бири – Эдмонд Поуп – Москвада кармалып, 2000-жылы соттолуп, 20 жылга кесилген, бирок дал ошол кезде жаңы эле президент болуп шайланган Владимир Путин – америкалыктардын суранычы менен – ага райым берген.

Эми «Дастан» кайрадан иштей баштаса жана дагы жаңы келишимдер түзүлсө, Кыргызстандын өнөр жайы кайрадан жанданат деп үмүттөнсө болот. Антпесе, акыркы жылдары «Дастан» идиш-аяк да чыгара баштаган.

Последние новости