www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдүн Теплоключенко айылында жол кырсынынан төрт киши мүрт кетти. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Каргаша бүгүн саат 16:30дар чамасында Каракол — Эңилчек унаа жолунун 10-чакырымында болуп, Nissan X-Trail менен Subaru Forester үлгүсүндөгү автоунаалар кагышкан.

"Nissan X-Trail унаасынын 61 жаштагы айдоочусу А.А. кар күрткүдө чыгыштан батышка бара жатып рулду башкара албай каршы тилкеге чыгып, жолдо токтоп калган. Айдоочу жайкы дөңгөлөктөрүн алмаштырбаганы белгилүү болду. Каршы тилкеде келе жаткан Subaru Forester унаасынын 34 жаштагы айдоочусу А.А. токтогонго жетишпей калып Nissan X-Trail машинасын сүзүп кеткен", — деп жазылган маалыматта.

Окуя болгон жерден төрт киши көз жумуп, үч киши жаракат алган. Каза тапкандардын аты-жөнү такталууда.

Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү экспертизалар жүргүзүлүп жатат. Тергөө уланууда.

ЖКККББ айдоочуларды жол эрежелерин сактап, дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырып, жолдо коопсуз аралыкты сактоого чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости