www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ - 1,5 млн доллар пара сураган чиновник кармалды

Өзбекстандын Ташкент шаарында Алмазар райондук администрациясынын кызматкери ири суммадагы акча каражаты менен кармалды. Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, шектүү райондук администрацияда жоопкерчиликтүү кызматты ээлеп турган.

Шектүү 2 тарапташы менен биригип алып, ишкерге 12 гектар жер тилкесин бөлүп берүүнү убадалаган. Ал жерге желим түтүк чыгаруучу завод курулмак. Бул кызматы үчүн администрациянын кызматкери 1 млн 560 миң доллар сураган. Бул каражатты алган кызматкер жогорку кызматтагы тааныштарынын жардамы менен ишкерге жер алып бермек.

Колго түшүрүү иштери Ташкенттеги ресторанда жүргүзүлүп, алдын ала 50 000 доллар алып жатканда кармалган. Кылмыш иши козголуп, тергөө уланып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости