www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кайып Шери, экс-президент Курманбек Бакиевге каршы чыккан 2010-жылдын айтылуу баатырларынын бири болгон. Жыйынтыгында Апрель Баатыры төш белгисин алган. Тилекке каршы, көп өтпөй эле УӨттүн жасаган иштерине нараазчылыгын билдирип, төш белгисин таштандыга салган. Акыркы учурларды экс-Апрель Баатыры апрель окуясындагы чындыктын башын кылтыйтып, «Жаңы Ордо» гезити аркылуу Курманбек Бакиев тууралуу маек берген эле. Бүгүн, Курманбек Бакиев, Кайып Шериге өзүнүн пикирин билдирди.

Төмөндө экс-президент Курманбек Бакиевдин пикирин өзгөртүүсүз окурмандарга жарыя кылабыз:

Кайып иним! Сенин кайрылууңду окуп чыгып аябай ыраазы болдум. Кыргыз элинде жакшы сөз бар: "адашкандын айбы жок, кечигип барып казыгын тапса" деген. Мен сенин ички дүйнөңдөгү бар чындыгыңды кыжелет аралаш айтып, а түгүл өкүнүп жатканыңды толук түшүндүм.

2010-жылы өлкөнүн келечегин, өз элинин тагдырын эмес, өздөрүнүн кара баштарынын кызыкчылыгы үчүн бүтүндөй кыргыз элинин башына азап күндөрдү салышкан УӨттүн бир топ бузукулары сага окшогон миңдеген адамдардын аң сезимин уулап, карапайым элдин жөнөкөйлүгүнөн пайдаланып, өздөрүнүн жасаган иштерин, кылмыштарын бүт мага оодарышып, элди жалгандарга ишендирип коюшкан.

Алар, кара ниет пландарын 2009-жылдан баштап даярдашып, «кандай кылганда Бакиевди эл жек көрүп калат» деген жолдорду издешкен. Ошол кезде өлкөнүн экономикасы мен президент болуп шайланган 2005-жылга салыштырмалуу кыйла эле өсүп, элдин жашоосу жакшырып, өлкөгө инвестиция тартылып, анын шарапаты менен мигранттардын агымы тып токтоп калган болчу.

Ошондуктан, элге мени бөкөчө көрсөтүү УӨттүн бузукулары үчүн оңой эмес болчу. Алардын бир гана жолу болгон, «Ала-Тоо аянтында адамдардын каны төгүлсө гана эл Бакиевден жүз үйрүшөт» деген.

Алардын жылдап даярдаган пландары ишке ашты, мени элге жаманатты көрсөтүштү. Сен да дал ошолорго ишенгендердин бирисиң. Сендейлер көп экени да чын жана ошол нерсе мени өкүндүрөт. Куру дооматтын, жалган жалаанын курмандыгы болгондон өткөн жийиркеничтүү нерсе жок экенин өзүмдүн жон терим менен сездим.

Кайып иним! Он жылдан бери адашып жүрсөң да, акыры көзүң ачылып, акыйкатты аң сезимиң менен сезип, кеч болсо да жашырбай элге алып чыкканыңа рахмат. Демек, адашып жүргөндөр күн өткөн сайын акыйкатты сүйлөп чыгышы алыс эмес экен. Сенин жеке өзүңө, үй-бүлөңө Кудайдан жакшылыктарды каалаймын.

Ал эми экөөбүздүн жолугушууга келсек, ачык эле айтайын: Азыркы убакта мен өзүм, үй-бүлөм коронавирус деген балееге чалдыгып, бир аз сыркоолоп турган чагыбыз. Кудай буюрса, келе жаткан Жаңы жылдын январь айларында мен сени иним катары сыйлап Минскиге мейманга чакырам. Жолукканча саламатта бол, деп жазган экс-президент Курманбек Бакиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости